Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Бийлик Текебаевге өзүнүн ак экендигин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берсе, ал ишти өзү иликтеп чыкмак”

Өмүрбек Текабевдин камакка алынганына эки айдан соң эки жыл болот. Саясатчы кармалгандан бери анын саясий куугунттукка кабылганы айтылып, маселе парламентке чейин жеткен. Бул арада бийлик алмашты. Бирок Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча бийлик үн ката элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы маалымат жыйынында "Текебаев боюнча сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин" деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаевге өзүнүн актыгын далилдөөгө атайылап мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бийлик "Ата Мекендин" лидеринен ырайым суроону күтүп жатабы?" деген соболуна депутат Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев дайыма өзүнүн ак экендигин айтып келгендиктен президентке ырайым сурап кайрылбай турганын айтат.

“19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында "Өмүрбек Текебаев өзү кечирим сураса мен ырайым берем" деп айтты. Бирок Өмүрбек Текебаев эч качан кечирим сурабайт. Анткени ал өзүнүн күнөөлүү эместигин айтып келет. Эгерде кечирим сураса, күнөөсүн моюнуна алган болот. Ошондуктан саясаттын атасы делген Текебаев эч качан ырайым сурабайт. Бирок бийликтен Текебаевге өзүнүн актыгын далидөөгө мүмкүнчүлүк берилсе, ал моюнуна илинген күнөө боюнча өзү иликтеп чыкмак”, - деди Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев, Улан Примов, экс-депутат Асия Сасыкбаева жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан