Бүгүн Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара сүрөт көргөзмөсү жана парламенттин 80 жылдыгына арналган документалдуу хронологиялык фильмди көрсөтүү менен башталды.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин 80 жылдыгын илимий-практикалык конференция жолу менен өткөрүү макулдашылганын билдирди.

"Кыргыз мамлекетиндеги элчилик өкүлдөрүнөн, буга чейинки парламенттин ардагер депутаттары, Кыргыз Эл баатырлары чакырылган. Ал эми сырттан коноктор чакырылган жок. Иш-чарада парламенттин келечегин өркүндөтүү боюнча илимий баяндамалар болот", - деди Бакиров.

Иш-чаранын жүрүшүндө жыйындар уюштурулуп, парламент тарыхын чагылдырган китептин бет ачары болот.

Мааракеге бюджеттен акча каралган эмес, өнөктөштөрдүн жардамы менен өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан