Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйын өтүп жатат. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков да катышууда.
Өлкө башчы тарыхка эмес, келечекке көбүрөөк басым жасай турганын билдирди.
"Бүгүнкү иш-чарага эс алуудагы парламенттин ардагерлери келиптир, алар тарыхка кайрылса керек. Мен келечекке кайрылайын.
Кыргыз мамлекети - парламентаризм жолун тандаган өлкө. Коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөт. Азыр парламенттин дарегине бир катар сындар айтылып жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Учурда Баш мыйзамды, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү талаптары коюлууда. Конституцияга 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деп добуш берилген. Бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Мыйзамдарды сыйлоо керек. Учурда экономиканы өнүктүрүп, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү керек. Биз азыр Баш мыйзамды өзгөртүүнү баштап алсак, аны жакшылап талкуулоого, шайлоо мыйзамдарын тактоого жетишпейбиз", - деди өлкө башчы.