Өмүрүнүн туура жарымын депутаттык ишмердикке арнаган, парламенттин экс-спикери, коомдук ишмер, учурда абактагы Өмүрбек Текебаев пайгамбар куракка кадам басты. Эртең, 22-декабрда саясатчы 60 жашка толуп отурат.
Коомдук ишмердин 60 жылдык мааракесине карата журналист Айнагүл Сапарбек кызы анын саясатка жаңыдан аяк таштаган мезгилден – 1990-жылдан берки басма сөздөгү маек, эл алдындагы билдирүү, кайрылууларынан терип, алтымыш кебин тизмектеп чыкты.
1) Турмуш талабы ушундай. Албетте, эч ким саясатчы болуп туулбайт. Ошентсе да билимди ар тараптуу өркүндөтүү, парламенттик маданиятты өстүрүү ар бир депутаттын милдети болушу керек.
1990-жыл
2) Элге билим берүү тармагы кайра куруунун алгачкы карлыгачы болуп калган деп айтсак туура го. Бирок коом аксап турган кезде анын бир тармагынын гүлдөп-өнүгүшү мүмкүн эмес. Мектеп коомсуз жашай албаган сыяктуу эле, коом элге билим берүүдөн тышкары өнүгө албайт.
1991-жыл
3) Коомдук пикирге, коомдук көз карашка, жалпы эле адамдын аң-сезимине ээлик кылуу – абдан коркунучтуу симптом. Бүгүн мына ушундай монополияга бир нече топ ээ болуп, коомдук аң-сезимди бийлөөдө.
1997-жыл
4) Саясатта да таза жана асыл бойдон калууга болот деп эсептейм. Бир гана рецепт бар. Оюң, ниетиң таза болуп, жалпы элдин кызыкчылыгына багытталса...
1997-жыл
5) Саясий компромат саясий күрөштүн арсеналына кирет жана оппонентти жок кылууга, тизгиндөөдө эффективдүү пайдаланылат.
1997-жыл
6) Падышадан барк качса, сөзүнөн калк качат.
1998-жыл
7) Азыр калк каржалганына деле кайыл, бир гана эртең олку-солкулуктан оолак замандын ооматы келеби – ошого даана жооп алгысы келет.
1998-жыл
8) Идеология улут рухунан, сыймыктануу, патриоттуулук сезиминен угуттанып, системага айланат тура. Адам өзү менен, өз мамлекети менен сыймыктана алганда ал коом, андай мамлекет бекем келет. Эгер жарандын таянар, сыймыктанып тутунар эчтемеси болбосо, чыкыйында дайым «биз начарбыз» деген ой уюп, бөлөк-бөтөндөн корунуп, кем сезсе, демек, ал коом чабал, андай мамлекет өзүн да, жарандарын да жарытпайт.
1998-жыл
9) Укуктук мамлекет менен жарандык коомду ажырата билүү оң. Мамлекет өз жарандары менен укук, мыйзам ченемдери аркылуу алакалашса, жарандык коом ыйман, этика, дин жана башка нормалары менен теске салат. Доор оошкондо экөө тең өз өтөлгөсүн өтөй албай, өксүп турбайбы. Менимче, баары кайра жай-жайына түшөт.
1998-жыл
10) Адамдарыбыз өз укугун барктабайт, аны мамлекети деле, чиновниги деле, бийлик адамы деле каалаганча калчаганына кайыл. Укукту баарынан артык коюп, анын үстөмдүгүнө жетмейин эч бир реформа жылбайт.
1998-жыл
11) 90-жылдарга чейин бизде мамлекеттик деңгээлде, жалпы адамзат тарыхынын контекстинде ой тегеретип, акыл чуркаткан саясатчылар сейрек болуптур. Делөөрүп эле ары урунуп, бери урунуп, чуркай бериппиз. Бара-бара баарыбыз тиш кактык, кесипкөй саясатчынын деңгээлине жеттик.
1998-жыл
12) Адамдык маңызым түпкүлүгүндө өзгөргөн жок. Өзкөрткүм да келбейт. Чындыкты тике, бетке чабар мүнөзүмдөн үй-бүлөм, өзүм мөөрөй таба элекмин. ...Чындыкты «балп» эттире айтып салмайым бар. Мунумду көпчүлүк колдойт. Апам менен келинчегиме жакпайт. Таразалап көрөм да, мүнөзүмдүн зыянынан пайдасы көп экенине көзүм жетет. Текебаевдин жаманы да, жакшысы да, адам катары да, саясатчы катары да маңызы – ушул.
1998-жыл
13) Бул турмуш, саясат кызык болот экен, кокус тагдыр назары бирөөгө түшсө, оомат ооп келсе, андай адамдын коомдо өкүмү жүрүп, «ити чөп жейт». Кырдаалга менин мүнөзүм, жолумдун кыябы төп келе калды да, Текебаев эл адамы болуп чыга келди окшоду.
1998-жыл
14) Эгер беделиң төмөн, баркың жок болсо, алтындай сөздөрдү айтсаң да элге өтпөйт. Жукпайт, сиңбейт. Эгер эл ичинде баркың чоң, беделиң өйдө болсо, анча-мынча катачылыгыңа көз жумуп, артыңдан ээрчийт.
1998-жыл
15) Коркунуч жок болушу мүмкүн эмес, биринчи кезекте достордон сактаныш керек. Досуң болобу, касың болобу, күчтүү болсоң – сага сый мамиле жасайт, сени менен күчтүн принцибинде эмес, адилеттиктин тилинде сүйлөшө баштайт. Эгер куралың, күчүң болсо, сен эл аралык аренада татыктуу субъект боло аласың. ...Биз кичинекей мамлекетпиз дебестен тың сүйлөшүбүз керек.
1999-жыл
16) Мен азыр деле абдан чоң кызматка дайындалдым. Бул депутаттык кызмат.
2000-жыл
17) Турмушту оңдоону бүгүнтөн башташ керек.
2002-жыл
18) Эл эч качан жеңилбейт.
2002-жыл
19) Жашыруун эч нерсе болбойт. Баары эртең эле ачыкка чыгат.
2002-жыл
20) Ашкере көкөлөтө мактаган менен ашкере жек көрүп сындагандын айырмасы жок. Эгер чындык биринчи учурда оң бутунан аксаса, экинчисинде сол бутунан аксайт.
2002-жыл
21) Кыргызда ат коюу - маанилүү нерсе. Илгеркилер өздөрүнүн ойлогон оюн, тилегин ысым менен көрсөткүлөрү келген. Уулдарымдын аттарынын атасындай болуп революция жасайм же бийлик үчүн күрөшөм дебей же ашынган бай деле болбой, көптүн бири болуп жүрсүн деген тилек менен философиясы жөнөкөй – Аман, Эсен жүрсүн деп койдук. Бүгүн калкыбыздын тилеги мына ушундай эмеспи.
2002-жыл
22) Ким акыркы болуп кыйкырып койсо эле ошонун сөзү туура болуп калбашы керек. Кечээ кыйшаңдаган адам бүгүн да кыйшаңдайт. ...Бүгүн оппозиция болуш эрдик эмес.
2003-жыл
23) Каршылашкандарымдын саны он кишиге көп болобу, аз болобу, жеке мен үчүн анча деле айырмасы жок.
2004-жыл
24) Кыргыз эли убакыт өтүп кырдаалга салмак менен карайт деп ойлойм. Убакыт өтүп адамдар кечиримдүү да болуп калат, убакыттын өтүшү менен баары ордуна келет...
2005-жыл
25) Адамды эмес, заманды тандоо зарыл.
2005-жыл
26) Бирөөнүн колу менен чок кармоону жигитчилик деп эсептебейм.
2005-жыл
27) Эл деп 15 жыл жүргөн адам «чыккынчы» аталып жатканына, тарыхый адилетсиздикке, элдин бир бөлүгү ээрчиме экендигине ыза болуп ачууландым. Туура эмес экенин моюнума алам, бирок мен саясатчы гана эмес, адаммын. Эгер адам эмес, накта саясатчы болсом, жылмалап, оңго же солго эмес сүйлөп коймокмун. Анда өзүмдү жек көрмөкмүн. Бирок мен биринчи кезекте адаммын.
2005-жыл
28) Кыргыз өлкөсүндөгү революцияда, ар кандай нааразычылык акцияларында аялдар чоң роль ойноп жатат, эркектер өз ролубузду аткарбай, аялдардын этегине жашырынган позиция алганыбызга нааразымын. Аялдардын активдүүлүгү – гендердик теңчилик деп иш алып барган уюмдардын жемиши. Бул бир жагынан кубана турган, ал эми эркектер үчүн уяла турган нерсе.
2005-жыл
29) Саясий партиялардын жетекчилериби же депутат болобу, айтор, кайсы даражадагы лидер болсо да, ар кадамына, ар сөзүнө жооп берип көнүшү керек.
2006-жыл
30) Мурдагы айылдык мугалим, агартуучу катары саясатчылардын келерки мууну, жаңы мууну адеп-ахлак, тарыхтын таасын үлгүсүн тапса дейм.
2006-жыл
31) Тарбия-таалим деген тирүү өрнөктөн башталат. Айттыңбы – аткар! Аткара албайсыңбы – моюнуңа ал.
2006-жыл
32) Күнүмдүк мансаптын малайлыгынан "ат чабым" алыс нарк-насил боло тургандыгын көргүбүз бар. Жаштар адеп-ахлак муратын жаңылбай таап алсын. Саясаттагы адеп-ахлак, ариетин булгабай, таза сактоо – биздин, мамлекеттик ишмерлердин, бүгүнкү муундун келечек муундун алдындагы ыйык милдети.
2006-жыл
33) Саясатта компромисс - көнүмүш нерсе гана эмес, ал зарылдык.
2006-жыл
34) Чындыгында физикмин, бирок ишенимим бар. Ал Кудай менен түз байланышпаса дагы бардык диндердин баалуулуктары менен дал келет. Бул адамга, жакшылыкка, өз принциптериңе ишенүү. Анча-мынча “молдомун” деген адамдарга караганда мен бейишке түшүү шартым көбүрөөк болсо керек деп ойлойм.
2006-жыл
35) Кечээги эле адамдар бүгүн башка бирөөнүн камчысын чабат. Эртеңки келгенге да кызмат кылууга даяр. Мына, ыймандын бузулгандыгы. ...Бүгүнкү эки жүздүү система турганда биз өнүкпөйбүз.
2007-жыл
36) Бийлик жеке кызыкчылыктар менен бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарын аралаштырбоосу жана алмаштырбоосу керек. Башка мамлекеттердин жана жеке адамдардын кызыкчылыктарына кызмат кылбоого тийиш.
2008-жыл
37) Биздин таянар тоо, карманар кожобуз – Кыргыз мамлекетинин катардагы, абийири таза, жоопкерчиликтүү жана саясий активдүү жараны. Ал жалпы элдин жагалданган кошоматын күтпөйт, утурумдук саясий атак-даңктын артынан түшпөйт, депутаттыкка же министрлик кызматка жулунбайт. Ал бар болгону адилеттикти ашкере аздектеген жана өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн күйүп-жанган өзгөчө жоопкерчиликтүү жөнөкөй адам.
2008-жыл
Адамды айбандан айырмалаган бир гана укугу бар, ал бири-бири менен эркин баарлашып, сүйлөшүп отуруп, түз кеңешип, бир чечимге келе алат.
2008-жыл
38) Кыргызда арман деген философиялык түшүнүк бар. Бири кем дүйнө деген.
2009-жыл
39) Саясатта чөйрө тез-тез алмашып турат экен, кечээги достор бүгүн жок. Кечээ эле саламдашпаймын го деген адамдар менен бүгүн бирге олтуруп, көгүчкөндөрдөй сүйлөшүп калат экенсиң.
2009-жыл
40) Бааны элдин кызыкчылыгына шайкеш келгендей чечиш керек. Баанын адилет болушу зарыл, ошого эл ынангандай болсун. Эл ишенсе, ал оор жүктү да көтөрө билет.
2009-жыл
41) Сөз эркиндиги же чындык болбосо, эл пикиринин, адамдын добушунун салмагы болбойт. Басма сөз эркин болбосо, бийлик элдин пикирине кулак салбайт.
2010-жыл
42) Бийлик чындык деп чыркырагандардын белин сындырам, духун сындырам деп, түрмөгө тыкты, мунжу кылды, алардын үмүтүн, ишенимин өчүрүүгө, бул ыйык сезимдерден ажыратууга бүткүл күчүн жумшады, эл ага мокогон жок, тескерисинче, чыйралды. Адам үмүтсүз жашай албайт...
2010-жыл
43) Тарых дөңгөлөгүн дайыма эл айлантат.
2010-жыл
44) Душманыбыз өзүбүздө. Ал биздин эскирип бүткөн менталитетибиз – коррупция менен жагынуучулук, кайдыгерлик менен жалкоолук, жоопкерсиздик менен жасакерлигибиз. Бийликке табынуу менен кулдук уруу. Бул өзүңдүн жана мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчиликти алуудан айбыккан, кулдук психология.
2010-жыл
45) Дүйнөнү саясий эрк жана өрнөк болуучу аракет өзгөртөт. Кунарсыз, куру чечен сөздүн мезгили өттү! Аракеттин мезгилине даңгыр жол ачылды.
2010-жыл
46) Ак – ак, кара – кара, арам – арам, адал – адал болушу керек. Бул жерде эч кандай компромисстин болушу мүмкүн эмес.
2010-жыл
47) Бүгүн биз үчүн артка жол жок. Бүтүндөй өмүрүбүз ИДЕЯ үчүн өтөлүп келе жаткан соң, чегинүү – бизге жат жорук.
2010-жыл
48) Кыргыз өлкөсү “ары тартсаң өгүз өлөт, бери тартсаң араба сынат” деген тар жолдо турат.
2011-жыл
49) Депутаттык корпус – бул элдин бардык катмарынын өкүлү, коомдун күзгүсү. Коом кандай болсо, депутаттар ошондой болот. Ошентип күзгүдөн кээде өзүбүздү көрүп туруу бардыгыбызга пайдалуу.
2011-жыл
50) Салтты сыйлайм, бирок ашкере ысырапкорчулук Кудайга да жакпаган нерсе. Мамлекеттик жетекчилер жупунулуктун үлгүсүн көрсөтүшү шарт.
2011-жыл
51) Тагдырыма нааразы эмесмин. Өлкөнүн тагдырын чечкен заманда жашап жатабыз. Күбө гана болбостон, кол кабыш кылып, аралашып келем. Мен үчүн жашоо образы баарынан маанилүү. Кайра жаралсам, ушул эле турмушка ыраазы болмокмун.
2011-жыл
52) Эртең миң жолу актансаң да, эл ишенбейт, тескерисинче, шеги күчөйт. Убакыт өткөндө чайпалган коомдук пикир өз ордуна келет.
2011-жыл
53) ...Калыптана элек оомал-төкмөл коомдук аң-сезим. Өз кызыкчылыгын так билбеген адамдардан турган балакай коом...
2011-жыл
54) Лидер жан кыйышпас досун, тууганынын кызыкчылыгын жокко чыгарып, принципке турушу керек.
2011-жыл
55) Тарыхый чындыкты, тарыхый тууралыгымды билгендигим мага күч-кубат, кайрат берет.
2011-жыл
56) Бийлик – бул коргосо да, жараласа да боло турган кош миздүү кылыч. Ошондуктан президенттен акыл-эстүүлүк, кыраакылык, коомдо жүрүп жаткан процесстерди жеткилең түшүнө билүү сапаты талап кылынат.
2011-жыл
57) “Тынч эле жашабайынбы” деген ойлор бир саамга келе түшөт. Бирок ошол эле кезде “Жок, өмүрдү текке кетиремби, баштаган иштин аягына чыгуу керек” деген андан да күчтүү ой толкуну келип биринчи оюмду жууп кетет. Кыргыз мамлекетинин келечегин айрым түркөй адамдарга тапшыра басып кетүү – бул коркоктук. Мен күрөшүүгө милдеттүүмүн.
2011-жыл
58) Тарых алдында чоң саясатчылардын, ишкер, ал гана эмес, карапайым адамдардын да жоопкерчилиги болушу шарт. Жеңилип, чарчап, багынып бергениң болбойт. Көпчүлүк Доке (Дооронбек Садырбаев - ред.) жеңилбей кетти дешти. Ушундай өмүр соңуна татыктуу жашаш керек.
2012-жыл
59) Турмуш – бул өзү тандоо. Адам өзү тандап алат. Кээде өз эрки менен, айрым учурда аны кырдаал өзү ошол жолго салып коёт. Эки нерсе бир учурда болгону чанда кездешет.
2012-жыл
60) Кыргыз мамлекетинде, жарандарыбызда жаңы мүнөз калыптана баштады. Ошол мүнөз өз баркын билген, намыстуу, өзү үчүн, мамлекет үчүн жоопкерчилик ала билген өлкөнүн кожоюндары пайда боло баштаганын көрсөтөт. Мындай эл менен Кыргыз өлкөсүн жаркын, чоң келечек күтүп турат.
2018-жыл