Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жооп берди.
Ал парламенттин ар бир чакырылышынын ийгиликтери жана кемчиликтери болгонун айтты.
"Бүгүнкү парламент жаңы багытка бет алып, башкаруунун үстүндө иштеп жатат. Ар чакырылыштагы парламенттин өз мезгилинде ийгиликтери жана кемчиликтери болгон. Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп турган парламентке ар дайым сын-пикирлер айтылып келет. Азыркы учурда өлкөдө парламенттик толук башкаруу деп айта албайм.
Парламенттик башкарууга өткөн чет мамлекеттерде деле ортодо убакыт талап кылынат. Биз ошол убакыт талап кылган, өткөөл мезгилдерде жашап жатабыз. Келечекте сөзсүз парламент өзүнүн ордун тапкан, эч кимге баш ийбеген орган болот. Себеби Советтер Союзу тарап, президенттик башкаруулардан кийин биздин каныбызга сиңип калган башкаруудан арыла албай жатабыз. Дагы бир же эки чакырылыштан кийин Жогорку Кеңештин аброю мындан дагы жогорулайт", - деди Сулайманов.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.