Депутат Каныбек Иманалиев: "Бүгүнкү күндө парламент таасирдүү күчкө ээ эмес"

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекетинде парламент өнүгүү жолунда деген пикирге кошулбай турганын айтты.

"Кыргыз мамлекетинде парламент өсүп-өнүгүп жатат деп айтылууда. Мен бул айтылган сөздөргө кошулбайм. Бизде үч негизги стратегиялык документ бар. Бирок өлкөнүн өнүгүшүн аныктаган стратегиялык документ парламентсиз кабыл алынганы - Кыргыз мамлекетинде бүгүнкү күндөгү парламент таасирдүү күч эмес экендигинин далили. Азыркы учурда аракеттеги 13 документ бар, 6 фракциянын эл алдында берген убадасы, 3 өкмөттүн программасы жана президент кол койгон Өнүктүрүү стратегиясы бар. Кичинекей Кыргыз өлкөсүнө 13 документтин кереги барбы? Эгерде өкмөт долбоорун даярдап, парламентте талкууланып, президент кол койсо, бир багытта кетмекпиз. Ошондо гана парламенттин аброю көтөрүлмөк. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары, мыйзамдардын 98 пайызын кабыл алабыз, бирок алардын кандай аткарылып жатканын укпайбыз. Биздин түпкү пайда болуубуз айылдык жана шаардык кеңештен турат. Эгерде баарыбыз биригип иштебесек, парламентти көтөрө албайбыз", - деди Иманалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан