Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы: "Жогорку Кеңеш сынды туура кабыл алышы керек"

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жооп берди.

Анын айтымында, парламентке эл тарабынан шайланып келген депутаттарга коом өзү баа берет.

"Жогорку Кеңештин ишине эл баа берет. Анткени парламентте эл тарабынан шайланып келишкен өкүлдөр отурат. Бирок Жогорку Кеңеште ар бир чакырылыштагы депутаттар өзүнүн милдеттерин аткарууда. Эл өкүлдөрүнүн ишине баа берүүдө мурдагы жана кийинки чакырылыш менен гана салыштырылып көпчүлүктүн чечими гана баа берилет. Жогорку Кеңеште 80 жылдын ичинде канча чакырылыш болсо, алардын ар биринин Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө өзүнүн орду жана аткарган милдети болгон. Парламентке ар дайым сын айтылат, ошол айтылган сынды туура кабыл алуу менен жакшы чечимдерге баруу керек", - деди Келдибеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан