Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Парламент өз алдынча эгемендүү бийлик бутагы боло алган жок"

Бүгүн Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Парламент калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Учурдагы Жогорку Кеңешке кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал маанилүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерде парламенттин ролу билинбейт деген пикирде.

“Тилекке каршы, жалпы Кыргыз парламентине биз жогорку баа бере албайбыз. Маанилүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерде парламенттин ролу билинбейт. Парламент өз алдынча эгемендүү бийлик бутагы боло алган жок. Ар бир келген президенттин саясий куралы, мамлекет башчылардын жеке кызыкчылыгын ишке ашырып берүүгө жардам берген бийликтин кичинекей бөлүгү катарында келе жатат. Өзүнүн миссиясын аткара алган жок. Учурдагы парламенттин эле эмес, кээ бирин кошпогондо жалпы парламенттин ролу төмөн болууда. Мисалы, легендарлуу парламент анча-мынча күчтүү болгон. Андан кийинки эки палаталуу парламент болгондо мыйзам чыгаруу палатасында жеткиликтүү деңгээлде оппозиция болуп өкмөттүн, бийликтин кээ бир туура эмес иштерине каршылык көрсөтө алган. Тарыхыбызда эки жолу ушундай убакыт болду. Калган учурдагы парламенттердин бардыгынын ролу, мааниси, күчү жок болууда. Азыркы Жогорку Кеңеш алсыз парламенттердин катарына кирет. Негизги миссиясын аткара албайт, президенттин айтканынан чыга алышпайт.
Жакынкы жылдарда мамлекеттин башкаруу моделин өзгөртүү керек. Президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууга, премьер-министр башкарган мамлекетке өтүү зарыл. Ошондо парламенттин ролу өзүнөн-өзү кескин түрдө күчөйт”, - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Ахматбек Келдибеков, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан