ЖЫЛНААМА, 24-ДЕКАБРЬ: Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 55 жашка толду

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев 1963-жылы 24-декабрда Фрунзе шаарында туулган.
Нариман Түлеев 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал 2001-жылдан март ыңкылабына чейин мамлекеттик “Темир” ишканасында башкы инженерден директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ал эми март ыңкылабынан кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп келген.
2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Н.Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына бир добуштан кабыл алынган. 2010-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кеңештин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык-саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.
2012-жылы июнь айында "Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген" делип камакка алынган. Сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө "ата журтчу" депутат "таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө да коррупциялык иштерге жол берген" деп шектелип, кайра тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоочулар аны "бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирген" деп билдиришкен.
Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы 29-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, борбор калаанын экс-мэри 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылган, үй-мүлкү жана башка байлыгы мамлекеттин пайдасына конфискацияланмак. Мурдагы шаар башчы менен кошо айыпталып жаткан мэриянын беш кызматкери да 5 жылдан 13 жылга чейин кесилишкен.
Түлеев 4 жылдан кийин эркиндикке чыккан. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.
24-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан