КҮНСЕРЕП: 3 күндө 3 бала зомбулуктан каза болду. Өкмөт эс алууга жөнөп жатат

Бүгүн, 24-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Ушул жылдын 10 айында өлкөдөн 444 миллион 700 миң доллар чыгарылып кетти. Улуттук банктын маалыматына таянсак, бул өткөн жылдын 10 айына салыштырганда 22,4 пайызга көп. Ал эми 10 айда өлкөгө 2 миллиард 243 миллион доллар кирген.

2018-жылы Кыргыз жерине келүүчү инвестиция кескин азайып кетти. Жакында депутат Акылбек Жапаров өлкөгө түз инвестициянын келиши 25 пайыз азайып кеткенин айтып чыкты. 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн инвестициялык абалы артка кетип жатканын моюнга алды. Президенттин айтымында, 9 айдын жыйынтыгында сырттан келген инвестиция 31 пайызга азайды. Жээнбеков буга карапайым элди айыптап салды. Бул маселени өкмөттүн чабалдыгы деп көрбөйт экен. "Чаткалда, Тогуз-Тородогу окуялардан улам чочуп жатышса керек. Инвестордун мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алуулар болуп жатат. Ушинте берсек, бизге ким келет", - деди. Ал эми Чаткал менен Тогуз-Тородогу элдин бир нече айлап коюп келе жаткан талаптары, кооптонуулары тууралуу президент сөз кылгысы келген жок. Мисалы, Чаткалдын Терек-Сай айылында түркиялык "Эти Бакыр" фирмасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИМ атайын 2 пост уюштуруп, ал жерге атайын багыттагы аскерлерди жайгаштырган. Бул аракет аймакта жашаган элдин гана эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын да нааразычылыгын жаратты. Исхак Масалиев бийлик инвесторду коргоо үчүн өз элин курал менен коркутканы туура эмес экенин айтып, Терек-Сайдан куралчан аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул талап аткарыла элек. Инвестор менен жергиликтүү элдин тил табышуусу үчүн эң башкысы ачык-айкындык керек. Адатта, бийлик өкүлдөрү кенге байланыштуу чыр жаӊы башталганда эмес, күч алганда барып, элдеги даттанууну баса албай убара тартат. Мыйзамсыз берилип жаткан лицензиялар да элдеги нааразычылыктардын очогу болуп калууда. Жакында кылмышка шектелип кармалган экс-чиновник Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтүүдө бир нече кенге тийиштүү лицензиялар табылды. Аны Зилалиев кандай шартта алганын териштирүү укук коргоо органдарынын иши. Ал эми бизнеске шарт түзүүдө Кыргыз мамлекети коңшулардан артта калууда. Атактуу "Forbes" журналынын рейтингинде Кыргыз өлкөсү бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуулук боюнча 161 өлкөнүн ичинен 108-орунга жайгашты. Басылма "өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө коррупция, чет жерден инвестиция тартуудагы кыйынчылыктар тоскоол болууда" деп жазат. Өкмөттө инвестициялык абалды жакшыртууга арналып улам-улам жыйындар өтүп, жалындуу убадалар айтылып жатканы менен реалдуу жылыш байкала элек...

Жети-Өгүз аймагында 2 жашар бала ур-токмоктон каза болду. Милициянын маалыматына таянсак, аны шымына заара кылып койгону үчүн таежеси катуу сабап салган. Баланын апасы жолдошу менен ажырашып кеткен, учурда Орусияда иштейт. Баласын бир тууган эжесине таштап кеткен. "Кылмышка шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Аны чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген", - деп билдирди Ысык-Көл облустук милициясы. Окуя боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 6-декабрда Кайыӊды шаарында да 2 жашар бала ур-токмоктон көз жумган. Апасы Орусияга кетерде баласын таанышына таштап кеткен. 28-ноябрда бала эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болуп калды. Соттук-медициналык экспертиза бала сабалганын аныктады. 21-декабрга караган түнү Жумгалда 29 жаштагы адам 47 жаштагы аялды жана анын 4 жашар небересин зордуктап, өрттөп жиберди. Ал эми 7 жаштагы бир небересин муунтуп өлтүргөнү аныкталды. Бул балдарды апасы таенесине таштап, өзү Бишкекте иштеп жүргөн. Ал эми парламенттин ушул тармакты тескөөчү Социалдык маселелер боюнча комитетинин бүгүнкү жыйыны 4 эле депутаттын катышуусунда өттү. Акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок балдардын аянычтуу өлүмүнүн күчөгөнү Көк үйдү анчалык тынчсыздандырбайт өӊдүү. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт Жаӊы жылга карата кенен эс алууга камынып жатат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөдө 1-январдан 8-январга чейин дем алыш деп жарыяланды. Мамлекеттик органдар бүтүндөй 1 апта эс алып жатканда дагы канча бала зомбулуктун курмандыгы болору белгисиз...

Коомчулук Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн сөз кылып бүтпөй жатат. 22-декабрда Бишкекте Текебаевдин 60 жылдык юбилейи өтүп, ага депутаттар, укук коргоочулар, окумуштуу, коомдук ишмерлер, көрүнүктүү саясатчынын баары барды. 2017-жылы Текебаевди учактан түшөрү менен колун кайрып УКМКга алып кеткенде Жогорку Кеӊештин депутаттары, кечээ Текебаевдин туулган күнүнө барган көп саясатчылар "туура эмес" деп айтканга жараган эмес. Аны күмөндүү жагдайда соттоп жатканда да көпчүлүгү чээнге кирип кетишкен. Аларга анда Текебаев эмес, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги маанилүү эле. Бүгүн кырдаал башка, Текебаев жакын арада эркиндикке чыгары айтыла баштады. Саясатчылардын "Ата Мекендин" лидерин айланчыктап, абдан мактап, "саясий режимдин курмандыгы болгон" деп ал тарапка өтө баштаганы ушундан улам өӊдөнөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан