ЖЫЛНААМА, 25-ДЕКАБРЬ: Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 53 жашка толду

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 1965-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында туулган.

Ал 1984-жылы Ош облусунун Алай районунун №67-кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн.

1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

1993-жылы Айыл чарбалык академиясынын агроном адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы Ош технологиялык университетинде экономика тармагында, ал эми 2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде юриспруденция багытында жогорку билимге ээ болгон.

1999-2004-жылдары - "Кыргыз пахта" жабык акционердик коомунун вице-президенти;

2004-2010-жылдары - "Кыргыз пахта" жабык акционердик коомунун президенти;

2010-2012-жылдары - Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси;

2012-2013-жылдары - Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2015-жылдын октябрында "Республика-Ата Журт" фракциясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Быйыл 13-июнда ал Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

25-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан