"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шыкмаматов өзү тастыктады.
Маалыматка караганда, ага коюлган айып далилденген эмес.
"Мага каршы козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталып, кыскартылды", - деди ал.
Алмамбет Шыкмаматов "2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Ушул жылдын 12-июнунда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, сот чечим чыгарган. Анда Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.