Бүгүн, Жогорку Кеңеште Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны кворум жок болбой турганын депутат Салайдин Айдаров билдирди.
Аталган комитетке мүчө 8 депутат бар. Бирок жыйынга 5 депутат келген.
Жыйында сот аткаруучулардын статусу, инвестицияларды тартуу жана коргоо маселелери каралмак.
Мындан тышкары Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берилгендиги боюнча маалымат угулмак.