Депутат Айнуру Алтыбаева балдарга карата зомбулук боюнча: "Аймактык милициялардын жана социалдык кызматкерлердин ишин күчөтүү керек"

Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.

SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жооп берди.

Ал өкмөт үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулукка каршы текшерүү иштерин жүргүзүүсү керек экенин айтты.

“Балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктун алдын алууга аймактык милициялардын жана социалдык кызматкерлердин ишин күчөтүү керек. Бирок балдарга карата зордук-зомбулук жакын адамдары тарабынан эле болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан өкмөт балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка каршы көп текшерүү иштерди жүргүзүүсү зарыл. Мындан 1,5 жыл мурда депутаттар тобу балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоорун киргизген. Анын иштөөсүнө кошумча 25 миллион сом каражат керек болгонунан бюджеттен бөлдүрүп бергенбиз. Бул жакта баланы тарбиялап, өстүрүүдө ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Чет жакка кетип жаткан мигрант ата-энелер балдарын кимге таштап жатканын жана анын коопсуздугун ойлоп таштоосу зарыл. Балдарга карата зордук-зомбулукка каршы дагы жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Ата-эне баласын ишенип таштап жаткан тууганына же жакынына 3 ай ишеним менен таштоого гана укугу болот. Анткени бала 3 жашка чейин бирөөнүн колунда калса ата-энесин сагынат. Эгерде ата-эне чет жакта жумушуна байланыштуу кармалып калса, камкордукка алган адамдын кароо мөөнөтүн дагы узартууга болот. Бул мыйзам долбоору жакында ишке кирет. Учурда жумушчу топ иштеп жатат”, - деди Алтыбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан