Акыйкатчы Токон Мамытов: "Балдарды зомбулуктан куткаруу боюнча жергиликтүү бийлик тиешелүү деңгээлде иштей албай жатат"

Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.

SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна акыйкатчы Токон Мамытов жооп берди.

Ал балдардын кандай шартта жашап жатканын билген жергиликтүү бийликте жоопкерчилик чоң деген пикирин айтты.

"Сузак районундагы балдар ооруканасында, Жети-Өгүздөгү баланыны өлүмү, Жумгалдагы 4 жашар кыз жана 7 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча облустарда биздин өкүлчүлүктөр жергиликтүү бийлик органдары менен иш жүргүзүп жатат. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын кетирген кемчиликтери. Жергиликтүү бийлик органдары балдарды көзөмөлдөбөй, тийиштүү деңгээлде иш жүргүзө албаганын кайдыгер мамиле жасалып жатабы деп ойлоп жатабыз. Кайсы үй-бүлөдө ата-энеси балдарын таштап чет өлкөгө кеткенин билет. Тийиштүү кызматкерлер балдарды кудасы, курбусуна таштап кетип жаткан учурларды текшерип, анын ден соолугунан, балдар мектепке барып жатабы кабар алып турушу керек. Эң биринчи жергиликтүү бийликтин тиешелүү деңгээлде иштей албаганы болуп жатат. Парламент, өкмөт иштебей жатат деп айткан дагы туура эмес. Алар Жумгалдагы зөөкүрдү билмек беле? Отчётту өкмөткө иштеп жатабыз деп беришет, бирок биз кандай иш болуп жатканын көрүп жатпайбызбы", - деди акыйкатчы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан