Эксперт Бурул Макенбаева балдарга карата зомбулук маселеси тууралуу "Балдар шайлоочу эмес, алардын үнүн эч ким укпайт" деди

Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.

SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна эксперт Бурул Макенбаева жооп берди.

Ал социалдык саясатты жүргүзүүдөгү кемчиликтер, миграция маселеси балдардын зомбулукка кабылышын шарттап жатканын айтты.

"Балдардын зомбулукка кабылышынын бир нече себептери болуп жатат. Биринчиден, биздин мамлекет экономиканы миграцияга багыттап жатат. Макроэкономикалык деңгээл мамлекеттин ичинде экономиканы өнүктүрбөй адамдарды башка мамлекеттерге өзүңөр нан таап келгиле деп жөнөтүп жатат. Мамлекет өзүнүн түйшүгүн мигранттардын жонуна илип коюп, мигранттардан канча акча түшүп жатканын мактанып айтып жатат. Мунун артында кандай кыйынчылыктар турат, үй-бүлөлөр кандай жоготууга учураганын, балдар көзөмөлсүз калганын эсептеген жок. Экинчиден, жакырчылыкта же оор абалда калган үй-бүлөлөргө комплекстүү жардам жок болууда. Анткени социалдык өнүктүрүү министрлигинин өзүнүн көз карашы жок, Жогорку Кеңешке батпай калган адамдарды улам эле коюп жатат. Ошон үчүн пландалган саясат жок болууда. Буга чейинки министрдин эмне менен алектенгенин көрдүк. Бул жаатта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып саясат жүргүзүү керек. Изилдөөлөрдө азыркы шартта жөлөк пулга муктаж болгондордун 60 пайызы социалдык колдоо алуу боюнча тизмеге кирбей калган. Азыркы социалдык колдоо аларга багытталбай жатат. Жөлөк пул алуучуларды аныктоочу комиссия да коррупцияланышып кеткен. Үч, үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүчү мыйзам бар эле. Ал бир жыл мурун токтотулду. Каржы министрлиги жөлөк пул берүүгө бюджетте каражат бар экенин айтканына карабастан мыйзам токтоп калган. Мыйзамды аткаргыла деп 120 депутаттын ичинен Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Аида Касымалиева эле чыккан. Балдар шайлоочу эмес. Ошондуктан алардын үнүн эч ким укпайт. Ким кыйкырып, митинг уюштурса ошолорго көңүл бурулат", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан