Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.
SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна журналист Махинур Ниязова жооп берди.
Анын пикиринде, балдарга карата зордук-зомбулук маселесин тез арада чечүү мүмкүн эмес.
"Биздин өкмөт балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш алып барбай, бул багытта өзүн мактоо менен алек болууда. Бул маселеде өкмөт сөзсүз түрдө чараларды көрүшү керек. Энелер балдарын бейтааныш адамдарга калтырып, акча табыш үчүн чет өлкөгө кетүүгө мажбур. Мында жоопкерчилик өкмөттүн моюнунда.
Социалдык кызматкерлер калтырылган балдардын жашоосуна жана тагдырына көңүл бурбай жатышат.
Балдар оор абалда калды, ата-энесиз тарбия алууда. Балага бир нерсе болмоюнча, ал тууралуу эч ким билбейт. Биз азыр канча бала бейтааныш адамдардын колунда тарбияланып жатканын билбейбиз.
Албетте, бир-эки айда бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Көйгөй өтө терең. Кыйла убакытты уттурдук. Жоопкерчилик азыркы социалдык өнүктүрүү министринде гана эмес. Ага чейинки жетекчилерде да күнөө бар. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам менен чуркабай, ата-энесиз калган балдардын маселесин чечиш керек болчу. Аялдар кетпеши үчүн өлкө ичинен шарт түзүш керек. Маалымат канчалык туура, билбейм, бирок учурда чет өлкөлөргө эркектер эмес, аялдар көп кетишүүдө, анткени эркектер өздөрү үй-бүлөлөрүн бага албай жатышат", - деди Ниязова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.