Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.
SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна Саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиз жооп берди.
Саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин айтымында, балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча бир гана өкмөт аракет кылышы керек деген туура эмес.
“Зордук-зомбулук көбүнчө үй-бүлөдөн чыгууда. Балдардын ата-энесин, тууганын мамлекет көзөмөлгө алуусу кыйын деп ойлойм. Бирок жоопкерчилик жагын күчөтсө зордук-зомбулук азаймак. Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө химиялык кастрация ыкмасы киргизилген. Мындан улам зордук-зомбулук азайса керек. Жоопкерчиликтер күчөтүлмөйүнчө кылмыштар азайбайт”, - дейт Канатбек Азиз.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири бул шилтемеде.