Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

24-декабрда Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган.

2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, КСДПнын тизмеси боюнча кезекте Өмүрбек Бакиров турат. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан