Борбордук шайлоо комиссиясы КСДП фракциясынан жаңы депутат Өмүрбек Бакировго мандат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Өмүрбек Бакиров Музаффар Исаковдун ордуна келди. Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган. Бүгүн ал мандатынан ажыратылды.
Өмүрбек Бакиров 1978-жылы 30-апрелде Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган. 2001-2008-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2008-2011-жылдары "Гарант" ишканасынын директору болгон.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.