Тарых музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган

Тарых музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, учурда аталган иш УКМК тарабынан тергелүүдө.

"Музейди оңдоп-түзөө иштеринде 118 миллион 215 миң сом акча мыйзамсыз колдонулган. Учурда бул факт боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", - деди басма сөз катчы.

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Музейдин айланасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголгонун Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламент жыйынында билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2018-12-26 18:46:37
Жегендерди таап мойнуна коюп 5 эселетип толотуш керек.элдин мамлекеттин ырыскысын жегендер бомж болуп калыш керек
0
Elaman_Arypov
2018-12-26 19:42:56
Баарыбыз эле билебиз,акча болунгондо эле жеп койорун баары билет
0
ruslanz
2018-12-27 09:30:17
С Исаков интервьюсунда тарых муз.ремонттоону озум жетектегем деп айткан.Анан мен жеген эмесмин дейт,анан ошончо коп акчаны ким жеди."Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат"деген чын экен.
0
Erik2018
2018-12-27 10:04:15
Сапар Исаков күнөлүү музейдин ошол жетектеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан