Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Өмүрбек Бакиров ант берди. Ал Музаффар Исаковдун ордуна келди.
Өмүрбек Бакиров 1978-жылы 30-апрелде Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган. 2001-2008-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2008-2011-жылдары "Гарант" ишканасынын директору болгон.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.
Ал эми Музаффар Исаковго 2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазып, 26-декабрда мандатынан ажыратылган.