Депутат: "Ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилиги таптакыр жоюлуп бара жатат"

"Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилиги таптакыр жоюлуп бара жатат". Мындай пикирин бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова айтып чыкты.

Депутат учурда ата-энелер өз баласына алимент төлөөдөн качып Балдар үйүнө өткөрүп салып жатышканына нааразы болду.

"Балдардын тубаса майып болуп төрөлүүсүнө ата-эненин күнөөсү болууда. Биринчиден, эне толук кандуу тамактануусу керек. Үй-бүлө сак болсо, мекен сак болот. Ата-энелер балдарын кароодон качып, интернаттарга таштап кеткендердин саны жыл сайын өсүүдө. Ошондуктан ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилигин жогорулатышыбыз керек. Балдардын маселесин чече турган мыйзам долбоорлорун иреттеп сунуштайлы. Үй-бүлө жана балдар кодексин өзгөртүп, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтпөсөк болбой калды. Акыркы 2-3 жуманын ичинде эле жакындары тарабынан зордук-зомбулук көргөн балдарды көрдүк", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан