Депутат Бакиров мугалимдерди даңктоо максатында эстелик орнотууну сунуштады

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров жаңы окуу жылына карата мугалим үчүн эстелик орнотууну сунуштап, өкмөт бул нерсени ойлонуп көрүшү керектигин билдирди.

Депутат Орусиянын бир катар шаарларында жана башка мамлекеттерде мугалимдерди даңктап, атайын айкел орнотулганын айтты.

"Көп мамлекеттерде мугалимдердин айкели бар, Орусиянын бир катар шаарларында эстеликтер коюлган. Мына, биринчи мугалим Дүйшөн деп жүрөбүз. Биз да мугалимдерди эскерип, даңазалашыбыз керек", - деди Бакиров.

Эл өкүлү өкмөттөн бул сунушту карап чыгуусун өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kattaldym
2018-12-27 12:12:27
Андан коро айлыктарын которсонор андан откон данктоо болбойт эле...
+8
Defend.
2018-12-27 12:15:25
Эстелик бир тыйын пайда алып келеби?!
Же мугалимдерге эстелик тургузса эле айлык акылары өзүнөн өзү көтөрүлүп кетеби?!

Ушуга окшогон депутаттар, майрам, эстелик пестеликти токтотуп пайдалуу нерсени ойлонбойсуңарбы?!
+10
Kattaldym
2018-12-27 12:17:49
Ошо коп мамлекеттердеги мугалимдердин айлыгын да айта кетпейт беленер.
+7
Dalil
2018-12-27 13:10:12
Мугалимдерге эстелик койсоңор кадыр баркы көтөрүлүп элдин баары сыйлап калчуудай сүйлөйсүңөр. Андан да жеп калайын деп жатса керек да. Эгемендүүлүккө чейин мугалимдердин айлыгы жогору болуп, талаптары да күчтүү болчу экен. Азыр эң аз айлыктардын бири мугалимдики. Көпчүлүгү аз айлыка иштебей кээ бир сабактарга мектепти бүтүп ЖОЖга эми тапшыргандарды да мугалим кылып алууга аргасыз болууда. Анан кайдагы мугалимдин кадыр-баркын сүйлөйсүңөр. Мындай депутатты кайсы партия уялбай мандатын көрсөттү?
+9
Tolkun555
2018-12-27 14:02:54
Эстеликти сага коюш керек.ХХХХ депутаттар деп
+5
wwwonline
2018-12-27 15:20:48
Эстеликти озунорго коё бергиле, айлык качан которулот? Бул маселени эмнеге которбойсунор?
+5
love_you
2018-12-28 12:15:40
баардынынар мен айтайын деген ойду айтыптырсынар. булар бир нормально иш кылышабы же доодуроп ар кайсыны суйлой беришеби??? нормальный адам ушундай сунуш киргизеби, твою мышь. буларды мугалимдин айлыгына жашатып коруш керек, карыз, процентке батканда анан ар кайсы текшеруулордон жудоп эси оогондо ойлонуп башташмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан