Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Аида Касымалиева шайланды

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева шайланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын 91и "макул", 16сы "каршы" деп добуш беришти.

Касымалиеванын талапкерлигин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов сунуштап күн тартибине киргизген.

Буга чейин депутат Асел Кодуранованы Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетирүү чечимин КСДП фракциясы 14-декабрда кабыл алганы маалым болгон. Жыйында бул маселе жабык каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан