Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева: "Мага ишенип берилген милдетти татыктуу аткарууга аракет кылам"

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева шайланды.

Касымалиева ишенип берилген милдетти актоого аракет кыларын билдирди.

"Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү, кыргыз элинин бакубат жашоосу - баарыбыздын максатыбыз. Ушул ыйык трибунада туруп Кыргыз мамлекетинин ишмери Султан Ибраимовдун сөзү эске келет. Ал "эмгек элде калат!" деп айткан. Мага ишенип берилген милдетти актоого сөз берем", - деди вице-спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан