Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Депутаттардын президенттик администрациядан басым болуп жатканын айтып чыгышканы - бул жакшы көрүнүш"

Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал мурдагы бийликтин тушунда депутаттар мындай сөздү айта алчу эмес дейт.

“Бүгүн кээ бир депутаттардын “президенттик администрация ишибизге кийлигишип жатат” дегени өлкөдө бир аз болсо да эркиндиктин пайда болгонунун далили болуп эсептелет. Себеби мурда силер айтып жаткан 2 депутат тең мындай сөздү айта алчу эмес. Азыр айтып жатышканы бул алардын кандайдыр бир деңгээлде коркпой, өздөрүнө ишенип баштаганынан кабар берет. Бул жакшы көрүнүш.

Бирок президенттин администрациясы болобу, өкмөт болобу парламенттин ишине басым катарында кийлигишпеши керек. Депутаттарды “мындай добуш бергиле, тигиндей добуш бергиле” деп тескебеши шарт. Эл өкүлдөрү өздөрү чечсин. Дүйнөлүк практикада депутаттар менен сүйлөшүү жүргүзүү, консультациялашуу фактылары бар. Ушул механизмдерди пайдаланышса демократиялык эркиндикке, мамлекеттик кызматтын этикасына туура келет. Бирок коркутуу, басым жасоо туура эмес”, - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев, саясат таануучулар Эмил Жураев, Марс Сариев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан