Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна депутат Дастан Бекешев жооп берди.
Ал Жогорку Кеңеш документти бекитип берүүчү органга айланып калбашы керек деген пикирде.
“Бул жаман адат. Президенттик аппарат президенттин позициясын билдирсе бир жөн. Бирок андай болбой жатат да. Өлкө башчынын бир мыйзам долбооруна карата расмий пикирин айтышса, туура эле болот. Бирок алар президенттин атын жамынып алып, парламенттин ишине кийлигишип жатпайбы. Президенттик аппарат парламенттин ишине бут тосуп жатканын өлкө башчы өзү да билбесе керек. Мындай мамиле парламенттен башка түзүмдөрдө да болбошу керек. Президенттик аппараттын жөнөкөй кызматкерлери да парламенттин ишине кийлигише берсе, анда Жогорку Кеңеш документти бекитип берүүчү органга айланып калат го”, - дейт Бекешев.
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, саясат таануучулар Эмил Жураев, Марс Сариев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.