Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.
Ал Кыргыз мамлекети парламенттик башкарууга өткөнүнө бир канча жыл болсо да иш жүзүндө толук кандуу өтө алган жок деген пикирде.
“Кыргыз мамлекети 2010-жылы парламенттик башкарууга өттүк деп референдум кабыл алган. Референдумдан кийин парламенттик шайлоо болду. Биздин парламенттеги депутаттардын мыйзам долбоорлорду сунуштаганына президенттик аппараттын кийлишкенге укугу жок. Анткени Кыргыз мамлекетинин азыркы Баш мыйзамына ылайык, мыйзам долбоорлору парламент, өкмөт, элдик демилге менен көтөрүп чыкканга болот. Парламент мыйзам долбоорун 3 окуудан жактыргандан кийин президент кол коёт же койбой койсо болот. Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкенге президенттин жана президенттик аппараттын укугу жок. Кыргыз мамлекети парламенттик башкарууга өткөнүнө бир канча жыл болсо да иш жүзүндө толук кандуу өтө алган жок. Буга себеп президенттик аппараттын мурдагы башчысы азыр премьер-министр болуп иштеп жаткандыгында. Ошондо өкмөт башчы президенттин аппаратынан сунушталып жатат. Мындан улам биз көз карандысыз парламенттик башкаруудагы мамлекетке өтө алган жокпуз деп айтсак болот”, - дейт Келдибаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, саясат таануучулар Эмил Жураев, Марс Сариевдин жообу бул шилтемеде.