Кыргызстанда 435 миң адам ай сайын жөлөк пул алат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын 361,5 миңи же өлкө калкынын 6,2 пайызы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары. Быйыл жөлөк пулдун көлөмү 580 сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 51,2 пайызга жогорулады. Ошондой эле ай сайын социалдык жөлөк пулду 73,6 миң жаран же Кыргызстандын калкынын 1,2 пайызы алат. Ал эми 6 ай аралыгында жөлөк пул төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2100,5 миллион сом бөлүнгөн.