Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жаңы жылдык куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу КСДПнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматта жызылгандай, Орусия алака түзгөн башка мамлекеттердин башчыларын Владимир Путин 2019-жылдын алдында Жаңы жыл майрамы менен куттуктаган.
"Орусиянын президентинин расмий сайтында башка өлкөлөрдүн башчыларына куттуктоолор жолдонгон. Мындан тышкары Путин жеке достук мамилеси сакталып калган бир катар мурдагы өлкө башчыларын да куттуктады. Путин Алмазбек Атамбаевге келе жаткан жылда ден соолук жана бакыт каалады", - деп жазылат билдирүүдө.