"Көчөгө чыксам баары жылмайып, коомдук унаага отурсам учурашып таң калтырышты". Германияда билим алып, иштеп жаткан Касиет Асекованын баяны

SUPER.KG порталы башка өлкөдө жүрүп да ийгилик жарата алган мекендештер менен маектешүүнү улантат. Бул жолу 5 жылдан бери Германияда жашап, тиш дарылоо боюнча билим алып, бир эле учурда өзүнүн келечек кесиби менен да алектенген Касиет Асекова менен сүйлөштүк. 25 жаштагы бийкеч Германиянын Крефельд шаарында жашайт.

- Касиет, Германияны тандап алууга эмне себеп болду?

- Мен 10-класста окуп жатканда бир тууган эжем Акмарал Германияга кеткен эле. Ал да бул жактан билим алган. Өзүм орто мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшыргам. Бирок чет өлкөнү көрүү, билим алуу кыялы дайыма мени коштоп жүрчү. Менин бул кыялымдын ишке ашышын ата-эне, бир туугандарым колдошчу. Мындан улам 1-курста немис тилин үйрөнүү үчүн курстарга бара баштадым. Анан Au pair программасы боюнча Кыргыз жеринде, элчиликте экзамен берип, Германиядагы бир үй-бүлөгө бала багуучу жумушуна өтүп кеттим. Ошентип 2013-жылы Крефельд шаарына келдим.

“Эжем менен Европанын көп шаарларына саякаттадыкЖаңы келгенде биринчи эле кыйынчылык тил жаатында болду, мен Кыргыз өлкөсүндө немис тилин баштапкы эле деңгээлде үйрөнгөм да. Мени эжем менен ошол үй-бүлө тосуп алды.

- Барганда эле ал өлкөнүн, элинин кайсы жагдайлары сизге таң калычтуу, өөн учурады?

- Мени кабыл алган үй-бүлө абдан жакшы адамдар. Бат эле түшүнүшүп, тил табышып кеттик. Ар тараптан колдоп турушту. Негизи биз немистерди орой болушат деп ойлойбуз, чынында андай эмес экен. Келгенимде көчөгө чыксам баары эле жылмайып жүрүшөт, жаныңдан өтүп баратып да жылуу жылмайып коюшат. Коомдук транспортко чыксам тааныбаса да учурашышат. Эли кичипейил экен. Бул мага таң калычтуу болду. Мындан тышкары немистерден тактыкты үйрөндүм, аларда айтылган убакытка кечигип баруу деген нерсе таптакыр жок. Негизинен 10 мүнөткө эрте келишет. Конокпу, жолугушуубу, иш-чарабы, жумушпу, окуубу, айтор, баары өз учурунда барат, бири-биринин убактысына өтө сый мамиле жасашат.

“Нарындын Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында төрөлүп, өскөм”

- Тиш дарылоо окуусуна кантип кирип калдыңыз?

- Бул жерде тилди тереңдеп үйрөнмөйүнчө жумушка, окууга кабыл алышпайт. Эжемдин, мени кабыл алган үй-бүлөнүн сунушу менен 2 жыл бою тил үйрөнүү курстарына бардым. Немис тилин эң жакшы деңгээлде өздөштүргөндөн кийин Berufskolleg Vera Beckers окуу жайына экзамен тапшырып өтүп кеттим.

- Сиз биздин өлкөдө да студент болгонсуз, эки өлкөнүн билим берүү системинен кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?

- Эми көп айырмачылыктар бар, окшоштуктар дээрлик жок десем болот. Бул жакта кайсы бир кесипке ээ болуп жаткан студент окуу менен кошо адистиги боюнча ишти практика жүзүндө да 100 пайызга билиши керек. Мисалы, мен жумасына 3 күн окуп, 3 күн тиш дарылоо клиникасынын балдар бөлүмүндө дарыгерге ассистент болуп иштейм. Экзамен тапшырганда теория жана практика боюнча тапшырабыз. Окуу жай даяр адистерди чыгарат. Мындан тышкары жогорку окуу жай, колледж баарында окуу акысыз. Коррупция дегенди көргөн жокмун.

Мен бул жакка келе жатканда Кыргыз улуттук университетинен бир жылдык тыныгуу алган элем. Анткени бир жылдан кийин эле кайра Кыргыз өлкөсүнө кайтам деп ойлогом. Бирок барбай калганымда сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, диплом алдым.

- Крефельдде кыргыздар барбы, жолугушуп турасыздарбы?

- Ооба, Германияда деле кыргыздар көп, жолугушуу, майрамдарда улуттук тамак-аштан дасторкон даярдалып, иш-чаралар өтүп турат. Мурда алып баруучулукка кызыгып, ыр жазчумун. Негизи уюштуруучулук да жайым бар. Ошондой жолугушууларда кечелерди алып барып калам.

- Келечек пландарыңыз кандай? Окууну качан аяктайсыз?

- Мен, Кудай буюрса, ушул жылдын июнь айында колледжди аяктайм. Учурда иштеп жаткан клиниканын бөлүм башчысы бул жакта иштеп калуумду сунуштап жатат. Мен макул болдум. Жамаатта жалгыз эле мен чет элдикмин, дайыма колдоо көрсөтүп, жакшы сөздөрүн айтып турушат.

Кыргыз жеринде да медицинада көптөгөн өнүгүүлөр болуп жатканын угам. Бул жактын да жакшы жагдайлары бар. Мисалы, балдардын тишин дарылоодо аларды ыйлатпоо керек, түрдүү оюнчуктар менен алаксытып, мультфильм коюп берип, дагы ар кандай ыкмалардын негизинде оорусун сездирбегенге аракет жасайбыз. Немистер жылына 2 ирет сөзсүз түрдө тишин кароодон өткөрүп турушат. Мындай эрежелерге чоң маани берип, сакташат. Иштеп, тажрыйба топтоп, анан өлкөгө да өзүм үйрөнгөн жакшы нерселерди алып барууну ниет кылам. Ал эми чет элде окууну кыялданган жаштарга адегенде максат коюп, ага жетүү үчүн талыкпай, чарчабай окуу керек дейт элем. Бара турган өлкөнүн тилин жакшы билүү менен артыкчылыктарга ээ болот.

“Ата-энемди Германияга чакырып, башка өлкөлөргө саякаттатуу тилегим бар”

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alia82
2019-01-10 16:50:46
Азамат,ишине ийгилик, мен да кыялданчумун чет олкого барганды бирок андай болбоду, жок дегенде балдарым бактылуу, ийгиликтуу болушса экен...
+23
bond02
2019-01-10 16:59:09
Кытайга карызы жок болсо анан жылмайып журушот да.
+51
Janybekleilekkg
2019-01-10 17:46:08
bond02,5+
+7
ooki8888
2019-01-10 17:54:46
bond02, кYлкYнYда ыйлагыныда келтирдинго.
+9
Mikra
2019-01-10 17:59:34
bond02,жардынго молодец.молодецц
+4
Snejana
2019-01-10 21:13:43
bond02,ха ха
+2
engel
2019-01-11 08:55:47
Ээх мен да калып калбай деп окунуп кетем. Мен да Мюнхенде 1,5жыл журдум диплом алам деп келе бергем,бирок эки кызымды, жароокер жолдошумду коргондо кайра окунбой калам. Калып калсам буларды корбой калмакмын да)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан