"Башка өлкөлөр технология, илим жаатында жарышып жатканда, биздин мектеп сала албай жатканыбыз өкүндүрөт" дейт Венгрияда окуп жаткан Кыргыз жигити (маек)
Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми ага жетүү үчүн чет өлкөдө билим алуу чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылары айтпаса дагы белгилүү. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Нурбек Орозалиев азыркы учурда Венгриянын Будапешт шаарында Корвина (Corvinus University of Budapest) университетинде билим алып жаткан кези. Ал аталган өлкөгө болгон билим сапары, Будапешт шаарынын маданияты, алдыга койгон максаттары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Нурбек Орозалиев Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жарык дүйнөгө келген. 2013-жылы Баткен облустук гимназия-жатак мектебин аяктап, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 2017-жылы алмашуу программасы аркылуу Түркиянын Анадолу университетинде билим алган. Учурда Венгриянын Будапешт шаарында окуп жатат.
- Будапештке болгон билим сапарыңыз жөнүндө кеп курсаңыз.
- Университетте 2-курстан баштап магистратура тууралуу ойлонуп баштагам. Экономика илими негизинен батышта сапаттуу болгондуктан максатым Европада билим алуу болчу. Ошондуктан ар кандай программаларды карап баштагам, бирок англис тилин билчү эмесмин. Ошентип биринчи кыска мөөнөттүү максатым – англис тилин өздөштүрүү эле. 4-курстун орто ченинде азыркы Stipendium Hungaricum (Венгриянын мамлекеттик стипендиялык программасы) программа тууралуу угуп калып, изилдеп баштадым. Программанын ачылганына көп убакыт болбоптур. Эки мамлекет ортосундагы программа болгондуктан башында бир нече аткаминерлердин балдары өтүп, айланасында бир топ суроолорду жараткан. Ал программага тапшырып көрүүнү чечтим. Бардык сынактардан өтүп, бул жактагы университет тарабынан да кабыл алынып, бирок аягында белгисиз себептерден улам талапкерлигим четке кагылган.
Кийинки жылы кайрадан тапшырганда өттүм. Учурда магистратура даражамды аяктоо алдында турам. Бул жол мен үчүн оңой болгон жок. Бул жол эң алгачкы англис тили курсу күнү башталып, бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон.
- Чет өлкөдө окугусу келген жаштардын саны күн санап көбөйүп бара жатат. Чет өлкөдөгү окуу жайларда окуу үчүн кандай талаптар бар?
- Ооба, учурда чет өлкөдө окугусу келгендер жыл сайын өсүүдө. Бул кубандырат. Анткени чет өлкөдө окуу менен бир эле сапаттуу билим албастан кереметтүү Кыргыз өлкөбүздү сагынып, ага болгон сүйүүбүз артат. Мекендин баркын билебиз.
Эң негизги талаптар: англис тили, окуудагы жетишкендик (жогорку GPA) жана илимий изилдөөчүлүк иш-чараларга катышкандарга артыкчылык берилет. Ошондой эле кээ бир программалар коомдук иш-чараларда активдүү катышууну талап кылат.
- Венгрияга барган жаштардын көпчүлүгү кайсы программа менен барышат?
- Бул жакта окуп жаткан жаштар негизинен Stipendium Hungaricum программасы менен келишкен. Бул программа эң алгачкы жолу ачылганда биз үчүн 25 гана орун (квота) болчу, кийин 75ке чыгып, ушул жылы болсо 150гө чыкты.
Быйылкы жылы орундардын бөлүштүрүлүшү:
Бакалавр - 65;
Магистратура - 65;
Докторантура - 20.
Бул жылы аталган программага тапшыруу 2021-жылдын 16-январында аяктайт. Ошондуктан кызыккандар болсо, "Stipendium Hungaricum'дун" сайтына кирип тапшырып, андан соң Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан "стипендиялык программалар" деген жерден кенен маалымат алып, тийиштүү документтерди тапшырса болот. Ал эми мындан башка көптөгөн окуу программалары бар. Ошол эле Германия (DAAD), Америка, Румыния, Латвия, Кытай, Орусия, Корея, Япония жана башка. Ушул сыяктуу программалар боюнча бөлүшүп, өлкөдөгү маалымат теңсиздигин жоюу максатында 2017-жылы бир топ достор менен учурдагы ELDEMI коом агартуу демилгесин түзгөнбүз. Ал жакта учурда программа, стажировка жана башка ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөр кыргыз тилинде Инстаграм жана Телеграм каналдарында жарыяланып турат.
- Будапешт шаарынын эли, маданияты, салты жөнүндө дагы айтсаңыз.
- Будапешт шаары чакан, кооз жана коомдук транспорту жөнөкөй жана ыңгайлуу шаар. Европа континентинде алгачкы жолу дүйнөдө экинчи болуп (Лондондон кийин) метро курулган шаар. Эли мажарлар, кыпчак уруусунан экенин, Атилланын урпагы экенин кабыл алып, түрк тилдүү элдерди боордош катары кабыл алгандар да бар жана бул нерсени четке каккандар да четтен чыгат.
Маданияты болсо түрк тилдүү элдердин маданияты менен европалыктардын маданияты аралашкан деп айтсам туура болсо керек. Ноябрь айында ат оюндары боюнча Венгриянын алгачкы улуттук чемпиондугу болду. Биз да барып көрүп бир нече оюндарына да катышып келдик. Ошол эле көк бөрү, эр эңиш жана башка ат оюндары болуп өттү. Ат оюндарына өзгөчө маани беришет, бул багытта федерациясы да бар.
- Ал жакта ЖОЖдо билим алуу акысы, стипендиялары кандай?
- Өз каражаты менен келген студенттер жылына 4000 евронун тегерегинде окуу акысын төлөшөт. Ал эми биз стипендиялык программа менен келгендер үчүн окуу акысыз. Стипендия жатаканабызды, тамак-аш, медициналык камсыздандырууну камтыйт. Стипендия көлөмү чындыгында аз, бирок 230 евро деген менен Будапешт шаары жашоо үчүн арзан болгондуктан сарамжалдуу колдонгон студент үчүн бул сумма жетиштүү.
Арткы фондо Будапешттеги Корвина (Corvinus University of Budapest) университети.
- Сиз окуган университет тууралуу дагы билгибиз келип турат...
- Менин университетим, Будапешт шаарында Корвина (Corvinus University of Budapest) университети Венгрия эле эмес, Борбордук Европадагы экономика жаатындагы эң алдыңкы университеттердин бири болуп саналат. Учурунда Карл Маркс атында болгондуктан экономика жаатында аброю чоң.
- Кайсы жанрдагы китептерди окуганды жактырасыз? Учурда кандай китептерди окуп жатасыз?
- Академиялык китептерди окуганды жакшы көрөм. Көбүнчө мамлекеттик түзүлүш жана алардын өнүгүү тарыхы, экономика, экономикалык систем тууралуу китептер жагат. Мисалы, "WhyNationsFail?", "Guns, Germs, andSteel" жана башка. Айтор, ушул сыяктуу жанрдагы китептерге көбүрөөк кызыгам. Негизи эле Дарон Аджемоглунун эмгектери жагат. Учурда 2020-жылдын эң күтүлгөн китеби деп эсептелген Барак Обаманын "A Promised Land" китебин баштоо алдында турам.
- Кыргыз өлкөсү президенттик шайлоо алдында турат. Элибизге шайлоо алдында айтар сөзүңүз болсо керек...
Албетте, бар. Шайлоо - бул өлкөбүздүн кийинки тагдырын аныктоочу өзгөчө мааниге ээ болгон элдин тандоосу. Эл кимди жана кандай программаны тандаса ошол менен кетебиз. Биз бир кишиге бүтүндөй өлкөбүздү аманат катары тапшырып беребиз. Ошондуктан аманатка кыянат кылбай турган татыктуу талапкерди тандап алалы. Анын басып өткөн жолуна, программасына, тажрыйбасына карап тандоо кылалы.
Биз аябай артта калып кеттик. Башка өлкөлөр технология жана илим жаатында жарышып жатканда, биздин мектеп сала албай турганыбыз аябай өкүндүрөт. Аткаминерлерди күнөөлөштөн алдын биринчи эл өзүнүн да жоопкерчилигин сезиши керек. Шайлоодон алган болбогон акчаны кымырып алып анан кайра нааразы болобуз. Бул акылсыздык. Ошондуктан эл жоопкерчиликти сезип, эски системге кайтпай, алдыга жылалы. Акыл калчап, жүрөгүбүз менен добуш берип, татыктуусун алып келсек, буюрса, баары жакшы болот. Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүү потенциалы чоң деп ойлойм.
- Коронавирус пандемиясы дүйнө кучагына алган чагы. Будапештте абал кандай?
- Бизде чектөө чаралары катаал. Коменданттык саат 20:00дөн 05:00гө чейин коомдук эс алуучу жайлар жабык, бир гана коомдук транспортто эмес, сыртта ачык асманда да бет кап менен жүрөбүз. Жаңы катталган учурлар дагы деле жогору бойдон калууда. Буюрса, жакынкы айларда абал турукташып, баары ордуна келет деген үмүттөмүн.
- Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Окууларыңызга ийгилик!
Онуккон Европа, Кытай, Япония сыяктуу олколор динди арткы планга коюп, биринчи планга илим-билимди коюп онугуп жатышат. Бизде молдолордун доктринасын акыркы чындык катары коруп сыйынуучу жайларды салып жатышат. Мечиттердин коптугунон олкобуз озгоруп кеткен жок. Эн жакыр олко бойдон калып жатабыз. Мечиттердин кобун социалдык обектилерге откоруп бериш керек.
+2
raykray
2021-01-09 02:04:10
Janyl98, колдоймун! Канаке балдарыбызга бесплатный кружоктор, мектептер бут шарты мн ичинде бассейн, спортивый секциялар , кол эмгек, сурот тартуу, иши кылса толтура балдар учун келечеги учун пайдалуу окуу курстары болсо,биздин балдар мечитке чуркамай алар чоноюп жатат атам, апам Дин мн жашайбай жатат мен эркекмин олсом мага асылаттар деп бут агрессивный балдар осот. Келечекти Ким билет эртен олоттурмун деп эчтекеге кызыгуу жок
+1
dasa-kgz
2021-01-09 02:08:11
Janyl98,мечит сени түртүп жатабы? Аны салганы эл акча чогултуп же спонсор таап эле салып атпайбы. Соц.объекттерге келсек аны өз алдыңча сала койгонго оңой олтоң бүтчүү нерсе эмес.
+2
raykray
2021-01-09 02:05:56
Азыр дилчил мечиттен улгу алгандар мени талап башташат, каргап, согуп себеби алар ошону уйронотторда)))
-2
sultan_bek
2021-01-09 21:33:55
Жаштарга молдолордун дааватын, тиги дүйнө, өлүм, акыр заман сыяктуу жалган түшүнүктөрдү айта берсек аягы жакшы болбойт. Ушундайларга ишенип алган жаш балдар эч бир алдыга, ийгилике умтулбайт. Молдого ишенгендер акыр заманды күтүп жүрө беришет экен. Мындай учурда бизден кайдан күчтүү инженерлер, технологдор чыкмак эле. Андан көрө жаштарды көркөм адабият, көркөм тасма, обондуу ырлар, даректүү тасмалар, окуялар аркылуу дүйнө таанымын кеңейтүү зарыл.
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.