Кыргыздын Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилери кызматына талапкерлер сунушталды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине Кыргыздын Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилерине талапкерлер сунушталды. Маалыматты аталган комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев ырастады.

Белгилүү болгондой, Болот Отунбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчилигине көрсөтүлүп жатат. Анын ордуна, Кыргыздын Орусиядагы элчиси кызматына Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги сунушталган.

Кыргыздын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлсө, Түштүк Кореядагы элчилик кызматына Динара Кемелованын талапкерлиги сунуш кылынган. Маалым болгондой, парламент комитети алардын талапкерлигин 15-январда карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан