ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: Өзүнүн туулган күнүндө ата-энесин куттуктоону адатка айланткан рэп ырчысы Добр 31 жашка толду

Кыргыз шоу дүйнөсүндө Добр лакап аты менен таанылган рэп ырчысы Адилет Добранов бүгүн, 11-январда 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда ал буларга токтолду.


"Туулган күнүмдө биринчи эле ата-энемди куттуктоону адатка айланткам. Болушунча алардын маанайын көтөрүүгө аракет кылам. Себеби алар биздин жаралуубузга себепчи адамдар. Негизи үйлөнгөндөн тарта туулган күнгө анча маани бербей калгам. Кечинде досторум менен жолугуп койбосом, азырынча үй-бүлөм менен үйдө элемин", - дейт ырчы мырза.

Добр 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика-менеджмент факультетине тапшырып, 2013-жылы аяктаган.

Рэп аткаруучу шоу-бизнес чөйрөсүнө 2006-жылдан тарта аралашып, ошол эле жылы "Ата-эненин баркы" аттуу эң алгачкы ырын жаздырган. Добр 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" деп табылган. Жалпысынан Добрдун репертуарында 100дөн ашуун ыр жана 20дан ашык клиби бар.

Ал 2015-жылы 4-ноябрда Жибек аттуу бийчи кызга үйлөнгөн. 2016-жылдын 19-августунда алар тун наристелүү болуп, ага Азирет аттуу ысым ыйгарышкан. Учурда жубайлар экинчи наристесин күтүп жаткан кези.

11-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан