Бүгүн "Карагыз" тасмасындагы ролу менен актрисалык тушоосун кескен актриса Гүлсина Чотонова 44 жашка толду. SUPER.KG порталы актрисаны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.
"Туулган күнүмдү иш үстүндө өткөрүп жатам. Кечинде курбуларым, жакын санаалаштарым, кесиптештерим менен чакан майрамдык кече уюштурабыз. Азырынча куттуктоолор, калоо-тилектер айтылып жатат. Мунун өзү чоң бакыт эмеспи", - дейт ал.
Актриса 1975-жылы Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепте 5-класска чейин билим алып, андан кийин Бишкектеги мектеп-интернатта билим алуусун уланткан. Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде билим алган.
"Мектепти бүтүп, актрисанын окуусуна тапшырам дегенде ата-энем аябай каршы болушкан. "Искусство университетине тапшырам" дегенимди уккан апам атайын айылдан келген жеринен кайра таарынып кетип калган. "Сенин актриса болом дегениңди атаң укса эмне дейт?" деп капа болгон. Атам мени "экономист болосуң" дечү. "Карагыз" тасмасында ойноп чачым жок сүрөттөр гезитке чыкса, атам уялып гезиттерди чогултуп үйдөгүлөргө "бул гезиттерди чогултуп эч кимге көрсөтпөй катып койгула" дептир", - деген маектеринин биринде.
"Карагыз" тасмасы – бул менин актриса катары кинодогу дебютум. КТРКда иштеп жүргөндө кокусунан Геннадий Базаров мени ашканадан көрүп, мага ассистентин жөнөтүптүр. Жанына барсам "киного тартылгың келеби?" деп сурап калды. Мен тамашалап эле "ооба" деп жооп берип койдум. "Анда кастингге чачыңды кырып кел" деди. Кастингге барсам "эмне чачыңды кырбай келдиң?" деп жатпайбы. Кастингге келген кыздардын баары чачын кырып келишсе, мен ролго өтпөй калсам чачым жок жүрмөк белем деп кырктырбай баргам. Анан чач-тарачка барып, чачымды кырдырып барсам Геннадий агай чочуп кетти окшойт. Мага өзү кийин айтты, "сен чачыңды кырдырып келгенде коркуп кеттим, проба кылып алсам болмок экен, аткара албай калса жаш кыз канча убакыт чачы жок жүрөт?" деп кабатырландым" деди. "Карагызда" мыкты роль аткардым деп айта албайм".
Гүлсина Чотонова 1997-жылы алгачкы эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында баштап, "Метомарфоза", "Карагыз", "Исход", "Сулайман-Тоо", "Туздуу талаа", "Көпөлөк" жана башка тасмаларга тартылган.
Актриса 30 жашында турмушка чыккан, 2 уул, 1 кыздын апасы. Учурда КТРКнын "Арноо концерт" берүүсүнүн режиссёру болуп эмгектенет.
11-январга карата жылнаама.