Бүгүн белгилүү орусиялык актёр, коомдук ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Константин Хабенский 47 жашка толду. Ал 1972-жылы 11-январда Санкт-Петербург шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде Хабенский актёр болуу тууралуу такыр ойлонгон эмес. 8-классты бүтүп авиациялык окуу жайга тапшырат. Теория жүзүндө сабактарды мыкты өздөштүргөн актёр 3-курста окуп жүргөндө алган билимин иш жүзүнө ашырууга келгенде авиация ал үчүн эмес экендигин түшүнүп, окуудан чыгып кетет. Өзүн табуу максатында ал "Суббота" студиясында жарык коюп, пол жууп да эмгектенген.
1990-жылы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырат. Ошол кезден тарта эле көзгө көрүнүктүү ролдорду жарата баштайт.
1995-жылы окуусун аяктап, "Перекрёсток" театрына жумушка кирет. Актёр театрда көптөгөн ролдорду жараткан. Ал эми тасма талаасында Константин Хабенский алгач өзүн 1991-жылы "Убакытты өткөрүү" аталыштагы тасмасында сынап көргөн. Хабенскийге атактуулукту "Байлар үчүн үй" тасмасы алып келген. Ал "Адмиралъ", "Статтык катчы" тасмаларында, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн "Убойная сила" телесериалында мыкты ролдорду жараткан. Хабенский орусиялык актёрлордун ичинен эң көп маяна алган актёр деп табылган. Анын бир күндүк маянасы 500 миң рубль болсо, жылдык кирешеси 3 миллион долларды түзгөн.
2008-жылы Константин Хабенский баш мээси жана онкологиялык жактан жабыркаган балдардын кайрымдуулук фондун түзгөн. 2012-жылы Кремлде "Орусиянын Эл артисттерин" сыйлоо аземинде актёр көкүрөгүнө "Балдар саясаттан сырткары" деген жазуу менен келген. Хабенский бул жоругун жетим балдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга үндөп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Анткени дал ушул күнү АКШнын жарандарын асырап алууга болбойт деген мыйзам кабыл алынмак. Мындан сырткары Константин Хабенскийдин өзүнүн атынан ачкан көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар.
2000-жылы 12-январда актёр радиостанцияда иштеген Анастасия Смирнова аттуу журналист кызга үйлөнгөн. Смирнова дагы өзүн актриса катары сынап, бир нече тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан. Тилекке каршы, Анастасия Смирнова 2008-жылы 1-декабрда 33 жаш курагында баш мээдеги шишиктин айынан каза болгон. Ал учурда жубайлардын ортосунда Иван аттуу 1 жаштагы баласы бар болчу.
Хабенский үчүн бул чоң жоготуу болгон. Айрым маалыматтарда актёрдун ичимдикке берилип кеткендиги айтылат. Дал ушул окуя анын жашоосун болуп көрбөгөндөй өзгөрткөн. Себеби ал жубайын сактап калуу үчүн карызга баткан. Карыздардан кутулуу үчүн үйүн сатып, өзү чакан үйдө жашап калат. Жубайынын баш мээ шишигинен каза болушу анын кайрымдуулук фондун ачуусуна себеп болгон.
Экинчи ирет ал 2013-жылы актриса Ольга Литвиновага баш кошкон. Түгөйлөр 2016-жылы 3-июнда Александра аттуу кыздуу болушкан.
11-январдын жылнаамасы.