Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Анда "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.
Бул мыйзам долбоорун өкмөт чийки иштеп чыккан деген жүйө менен депутаттар артка кайтарган. Аталган мыйзам долбоору Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү шарттарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Мында эркин экономикалык аймактардын субъектиси болуп саналбаган кошумча нарк салыгын нөлдүк чени менен жеткирип берүү болуп саналат.
Мындан тышкары жыйында " Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору да каралат.