Бүгүн, 14-январда "Тамашоунун" бир нече жолку чемпиону "No name" командасынын капитаны, актёр, тамада Мурат Жалиев 31 жашка толду. Ал 1988-жылы Ош шаарында төрөлгөн. SUPER.KG порталы Мурат Жалиевди туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.
"Туулган күнүм 13-январдан 14-январга караган түнү башталган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын концертинде алып баруучулук кызматта иштеп жаткам. Концерт аяктагандан кийин Самара Каримова менен анын жолдошу Асан Мансуров жана концертке катышкан чыгармачыл инсандар куттукташты. Андан кийин досторум куттуктап, үйгө түнкү саат 4тө келдим. Келсем жубайым, кыздарым дасторкон жазып күтүп отурушуптур. Кыздарым мага арналган белектерин берип кубантышты. Асан Мансуров кечинде күтүүсүз белек кылам дейт, эмне болду экен деп ойлонуп жатам (тамашалап). Негизи туулган күнүмдө улак оюнун өткөрчүмүн. Быйыл деле улак өткөрөбүз, бирок 2 күндөн кийин уюштурабыз го. Анткени Самара Каримованын концерти 15-январга чейин уланат эмеспи, а мен алып баруучу болуп бекитилгем. Ошондуктан туулган күнүм дагы 4-5 күнгө созулат окшойт", - дейт ал.
Мурат Жалиев орто мектепти аяктагандан кийин Ош техникалык университетинде билим алган. Ал куудулдукка студент кезинде аралашканын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айткан.
"Студент кезде факултеттер аралык сынак болуп калды. "Сен кемпирдин ролун аткарасың" дегенинен "жөн тургулачы" деп көнбөй жаткам. Анан агайыбыз "эгер мыкты аткарсаң зачёт коюп берем" деди. Агайдын берген сабагын жакшы түшүнчү эмесмин, аргасыздан кемпирди туураганга макул болдум. Ошентип сынакта сахнага чыксам элдин баары каткырып калышты. Ошондон баштап факультет, окуу жайлар аралык КВНдерге катыша баштагам. Кийинчерээк мен, Кадыр Жарматов, Эмил Токтошев болуп окуу жайдын курамасын түзүп, "Тамашоуго" келип калдык".
"Тамашоучу" актёр катары дагы бир нече тасмаларда роль жараткан. Алар: "Бунт", "Тиги бу", "Атаңдын чокусу", "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" жана башкалар.
2011-жылы Айжамал аттуу айымга баш кошуп, түгөйлөр 3 кызды тарбиялап келишет.
Учурда Мурат Жалиев алып баруучулук менен алектенет. Мындан сырткары Кадыр Жарматов менен биргеликте куудулдукка шыгы бар таланттуу балдар, кыздардын окутуу борборун ачып, тарбиялап келишет.
14-январга карата жылнаама.