Ноокатта 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жабыркаган дагы 2 адам ооруканада каза болду

6-январдагы Ноокат районунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган 4 адамдын экөө каза болуп калды. Маалыматты Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын директору Жалалдин Рахматуллаев SUPER.KG'ге тастыктады.

Буга чейин белгилүү болгондой, кырсык болгон жерден 3 адам каза болуп, 4 адам ар кандай жаракаттары менен Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилишкен. Кырсык жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын кагылышуусунан жаралган.

"6-январь күнү 4 адам жол кырсыгынан жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына келип түшкөн. Алардын үчөө өтө оор абалда болчу. Баш мээлеринде ачык жаракаттар болгон. 10-январь күнү 20 жаштагы З.Г. каза болуп калган. 12-январда 44 жаштагы Ш.А. дагы каза болуп калды. Аларга дарыгерлер болгон күч аракеттерин жумшашты. Оштон врачтар чакырылып келген. Тилекке каршы, жабыркагандардын жаракаттары өтө оор болгондуктан, аларды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ал эми 24 жаштагы У.Б.нын абалы учурда туруктуу. Ооруканадан чыгарыла элек. 4-бейтап А.З. абалы жакшы болгондуктан, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган", - деди Рахматуллаев.

6-январь күнү Ноокат районунда Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден 3 адам каза болуп, 4 адам Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Ошто жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагышып үч адам каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2019-01-15 11:57:59
Ээ жараткан ушу авариядан эле кайран кыргызым кырылып калмай болдун го....
+4
Zhoro
2019-01-15 12:00:25
Бензовоз каршы тилкеге чыгып кеткенби
0
Wold
2019-01-15 14:49:28
Zhoro, Естимадагы уктап калып бензовоздун жолуна чыгып кеткенден кийин бензовоз андан качам деп каршы тилкеге чыкканго.
+1
Michelangelo
2019-01-16 03:12:01
Wold,жыртык жолдордон качам деп эстима каршы тилкеге чыккан. Жүк ташуучу машина жеңил унаадан качам деп ал дагы каршы тилкеге чыккан кесепети ушул. Авариянын көбү ушул стандартка жооп бербеген жолдордон. Штрафты канча көтөрбөсун жолдор оңолмой сайын авария боло берет.
+2
Michelangelo
2019-01-16 03:14:14
Бишкек Ош жолунда 40 та кетип жатсан дагы коркосун, себеби жол тар, грузой менен араң батасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан