Нарындагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 10 адам жаракат алды

Нарын облусунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 10 адам жаракат алып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 30-июль күнү саат 9:00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда болгон.

"Ниссан Цефиро жана Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен эки унаанын жүргүнчүлөрүнөн 10 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук жана Баетов айылындагы ооруканаларга жеткирилген. Ал эми 1 жаштагы наристе жана 54 жаштагы аял алган жаракатынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elchi84
2019-07-31 10:46:14
Кимдин машинасы бар болсо секин айдагылачы сураныч озунордун жана бирөөлөрдүн өмүрүн кыйбастан.
+1
Jasi.jasi
2019-07-31 20:40:01
Кудай ай наристеге боорум ооруду.Бул дуйнонун даамын татпай кете берди.Жайынар жаннатта болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан