Чүй облусунун Лебединовка айылында 50 жаштагы жаран унаасы менен 72 жаштагы улгайган аялды сүзүп алган. Мындай маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
"Окуя кечээ, 14-январда Лебединовка айылында эртең мененки саат 8дерде болгон. Чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Тойота Приус үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жабыркаган аял ошол жерде каза болгон. Кырсыкка себепкер адам биздин кызматкерлер барганда ошол жерде болгон. Ага карата тиешелүү документтер топтолуп, айдоочу Аламүдүн РИИБине жеткирилген. Унаасы болсо айып аянтчасына токтотулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.