Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгынан каза болду. Артында 5 айлык кызы калды

Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу анын жакындары SUPER.KG'ге 11-февралда тастыкташты. Маалым болгондой, журналисттин өмүрүн алган окуя 10-февралга караган түнү саат 2де Бишкектин Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жакындарынын айтымында, Тазабекова 5 айлык кызы жана жолдошу менен бирге туугандарынын үйүнө конокко барып, кайтып келатканда алардын Мерседес-Бенц унаасы жол четинде турган мамыны сүзүп алган. "Унааны жолдошу айдап бара жаткан. Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жолдон чыгып кетип мамыны сүзүп алыптыр. Кырсыктан Тазабекова жана жолдошу башынан жаракат алган. Бирок Тазабекова алган жаракатынан улам каза болуп калды. Жолдошу ооруканага жатып, кечинде үйүнө чыгарылып келди. Ал эми кызынын абалы жакшы. Ал дагы азыр үйдө", - деп айтышты жакындары.

Маркум журналисттин сөөгү 12-февралда Аламүдүн районундагы Воронцовка айылында жерге берилет.

Тазабекова 28 жашта болгон. 2014-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктап, КТРК, "Пирамида" телеканалдарында иштеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жайнагүл Тазабекованын дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысы менен тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
semo
2019-02-11 17:31:18
Жайы жаннаттан болсун
+10
NIkalike
2019-02-11 17:34:51
28 жаш... жап-жаш курак... жаштар олбос болсочу.... Кудайым бейишин берсин.
+18
tyrgon
2019-02-11 18:58:06
Ыйманы саламатта болсун туугандарына терен кайгыруу мн конул айтам.
+9
Muratmipa
2019-02-11 19:17:44
Байкуш наристеге жаман ичим ачышты мындай кунду душманына да корсотпосун
+9
Povetkin
2019-02-11 19:19:16
Жаткан жерин жайлуу кылсын оомин!
+7
binur5
2019-02-11 23:13:42
Эч бир бала эне мээриминен ажырабасынчы.Аллахым бейишин берген болсун .
+3
Akzyinat1993
2019-02-12 07:18:05
Аллахым жайын жаннаттан кылсын.жолдошуна денсоолук жана кызына да денсоолук,жакшы болуп кетишсин.
0
kutlibek
2019-02-12 08:43:13
Аллах рахматына алсын
0
deva
2019-02-12 10:18:33
Катуу айдагандын кесепети да. 28 жаш, күлгүн курак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан