2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.
Ал шайлоо деген түшүнүк жоюлуп, добуш берүү түшүнүк болуп калганын айтты.
"Шайлоо мыйзамын өзгөртпөсө, мыйзам Конституциянын негизинде жазылбаса, канчалык күч болбосун оппозиция бийликке келе албайт. Себеби бүгүнкү мыйзамдын талабына ылайык, акчалуу, теле-радиосу, күчү бар саясий партиялар эле келе алат. Мисалы, КСДП партиясын айтсак, канчалык кризис болбосун колунда радио да, телевидение да, акчасы да бар. Алар мындай мүмкүнчүлүктөрү менен кааласа да, каалабаса да кийинки парламентке келе алышат. Ошондой эле жол менен “Кыргызстан”, “Бир бол” деген партиялар да келет.
Шайлоо деген түшүнүк жок, добуш берүү деген түшүнүк болуп калды. Эл кимди шайлап жатканын билишпейт, алар ким акча берсе ошого добуш беришет. Расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясында партиядан 800 миллион сом кеткен. А партия акчаны кантип чогулта алды? Мындайча айтканда, бир мандат 6 миллион сом турду. Демек, партиянын ичинде коррупция башталды, орунду сатып алып жатышты. Партиянын тизмесинин ичинде орун акчанын деңгээлине жараша болуп калды. Эгерде бул мыйзамды оңдобосок, башка күч келе албайт. Парламентте отурган эле 2-3 партия келет, алар да өзүбүз келебиз деп мурунку босого баллды 7 пайыздан 9 пайызга көбөйтүп койду. Бул мыйзамдар калып калса жаңы күч келет деген үмүттөн алыс болушубуз керек", - дейт Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.