Бүгүн бразилиялык актриса жана алып баруучу Даниэла Эскобар 50 жашка толду. Ал 1969-жылы 16-январда Бразилиядагы Сан-Боржа шаарында төрөлгөн. 16 жашында Даниэла журналистика факультетине тапшырат. Бир жылдан кийин театр, балет, музыка багытына которулуп кетип, төрт жылдан кийин аяктаган. Ошол жылдан тартып театрда, кинодо өз ордун таап, теле жаатында иштеп баштаган.
Даниэла Эскобар "Бразилия акварели" сериалында Белла Ландаунун ролун жараткан соң атактуу актрисалардын катарына кошулган. Актриса бул ролу үчүн 15 килограммга арыктап, чачын кыска кылып кестирип, румын тилинде акцент менен сүйлөгөндү үйрөнгөн.
Жогорудагы ролунан кийин аны бүткүл дүйнөгө тааныткан "Клон" сериалындагы Маизанын образын жаратат.
Актриса жылына 2-3 тасма же сериалдарга тартылып турат. "Клон" сериалынан кийин ал Бразилияда популярдуу болгон 2005-жылы чыккан "Америка" жана "Кариб гүлү" сериалдарына тартылган.
Ал эми Эскобардын жеке жашоосуна кайрыла турган болсок, 1995-жылы Бразилиянын белгилүү режиссёру
Жайме Монжардинге турмушка чыгып
Андрес Она аттуу уулдуу болушкан соң 2003-жылы ажырашып кетишкен.

2009-жылы актриса Марселу Вёльнер аттуу жигитке турмушка чыгып, 2 ай жашаган соң ажырашып кеткен.
Эки ирет ажырашкандан кийин Эскобар жеке жашоосун ачыкка чыгарбоого аракет кылып келет. Бирок актрисанын ар бир кадамын күйөрмандары байкоого алып турушат.