Ошто кайнисинин 2 жаштагы баласын уруп өлтүрдү деп шектелген келин өзүнүн версиясын өзгөрттү

Ушул жылдын 10-январында Ош облустук ооруканасына оор абалда түшкөн бала каза болуп калган. Кийин Ош ШИИБи бала жеңеси тарабынан сабалып, мындан улам каза болушу мүмкүн экендигин маалымдаган. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, иликтөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган болчу.

Шектүү менен жолугуу үчүн Акыйкатчы институтунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барышкан. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекемеден кабарлашты. Акыйкатчы институнун өкүлдөрүнө шектүү келин окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берген.

"Анын айтымында, ал баланы урган эмес. Бала жыгылып түшкөн. Андан кийин ал наристени балдар ооруканасына алып барган. Ооруканадан дарыгерлер баланы текшерип көрүп үйүнө жөнөткөн. 10-январда наристенин абалы оорлошуп, кусуп, калтырап баштаган. Ошондо ал баланы кайра ооруканага алып барган. Дарыгерлер баланы ооруканага алып келе жатканда жолдон каза болгонун айтышкан", - деп жазылат маалыматта.

Мекеменин кызматкерлери шектүүнүн бул айткандарынын чын-төгүнүн текшерүү үчүн ооруканага кайрылганда, анын бир күн мурун баланы алып барганы тастыкталган эмес. Бул окуя Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турганы кошумчаланат билдирүүдө. Буга чейин милицияга шектүү аял баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын билдирген.

Маалымат үчүн: Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Анын 5 жаштагы дагы бир бир тууганы бар. 2 бала алардын атасынын колунда калган. Атасы балдарын бир тууган агасы менен жеңесине таштап өзү Орусияга кеткен. Ал эми балдарды кароого алган үй-бүлө начар шартта жашаган. Алардын өзүнүн 5 баласы бар жана шектүү келин 6 айлык кош бойлуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2019-01-16 17:58:45
,жан татуу болуп жатканго озуно чамасы
+4
Nargiza1987k
2019-01-16 18:32:34
Бир АЛЛАХ жазасын берсин ким олтурсо да оомиин. Эгерде чындап жыгылып чарчап калса карабай таштап кеткен апасына убалы тийсин
-2
Aza030393
2019-01-16 19:03:46
Кой Наргиза озуну карма анчалыка барба! Бироого азап бироого кайгы болуп аткандыр бироонун турмушуна коз салбай озубузду карап журолу!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан