Ош облустук балдар ооруканасына катуу сабалып келип түшкөн 2 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя кечээ, 10-январда орун алган.
"Ош облустук балдар ооруканасына 10-январь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Ош шаарынын тургуну тарабынан кичинекей наристе "дене бою калчылдап токтобой жатат" деп жеткирилген. Аны баланын атасынын агасы алып келген. Дарыгерлер кароо жүргүзүшүп, баланын ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калгандыгын аныкташкан. Наристенин ѳлүмү тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине дарыгерлер кабарлашкан. Ош ШИИБинин ыкчам-иликтѳѳ тобу баланын киши колдуу болгонун божомолдошуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн.
Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ, 10-январь күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип койгондугу үчүн кээде чымчып, буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалымат үчүн: Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, 2 бала атасынын колунда калган. Атасы Орусияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон Ошко келип, агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен. Учурда маркум наристенин бир тууганы чоң энесинин колунда багылууда. Ал эми шектүү аялдын өзүнүн 5 баласы бар.