Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев 41 жашка толду. Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.
Акынды туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Ден соолугума байланыштуу ооруканада элем. Бүгүн шакирттерим алып кетүүгө келишти. Уулубузду сүннөткө отургузган элек, ошондуктан жубайым бошобой келе алган жок. Ал эми куттуктоолор 16сынан 17сине караган түнү эле башталган. Азырынча эч кандай пландар жок. Бул жактан чыгып алып, жумушка барам. Андан ары эмне болот, азырынча белгисиз", - дейт ал өз сөзүндө.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылы 15 жашында "Ак таңдай-1993" фестивалында баш байгени жеңип алган. Андан ары билимин жогорулатуу максатында 1992-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эки жылдык студиясына тапшырып, аны 1994-жылы аяктап, кайра 1999-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы окуусун аяктайт.
Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары кыргыз ырларын сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.
Ак таңдай акын 1994-жылы маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызына жолугуп, 1995-жылы үйлөнөт. Тилекке каршы, чыгармачылык табыштырган жубайлар 2 кыздуу болуп ажырашып кетишкен.
Маркум Гүлбү Ороскул кызынын мурунку жолдошу Элмирбек Иманалиев тууралуу айткан сөздөрү:
"Элмирбекке талантты Кудай берген. Андай талантка, өнөргө эгедер адам сөзсүз өз ордун табат, ташты жарган чөп сыяктуу өнүп чыгат. Андыктан анын мындан ары да бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин", - деп айткан мындан бир нече жыл мурун.
Кийин төкмө акын турмуш жолун Нурзат аттуу айымга байлайт. Учурда жубайлар 2 уул жана 1 кызды тарбиялап келишет.
17-январга карата жылнаама.