Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев эл аралык PEN-клубдун делегациясын кабыл алды

19-июлда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Хори Токияки жетектеген Эл аралык PEN-клубдун делегациясын кабыл алды. PEN-клуб 2014-жылы Кыргызстанда КРнын президентинин колдоосу менен клубдун 80-конгрессин өткөрүүнү пландоодо. Данияр Нарымбаев PEN-клубдун 80-конгрессин Кыргызстанда өткөрүү жөнүндөгү идеясы үчүн ыраазылык билдирди “Сиздердин күч-аракетиңиздердин аркасында Кыргызстанга Борбор Азия регионунда ушундай кеңири масштабдуу маданий иш-чараны өткөрүү мүмкүндүгү туш келди”,- деди ал.

Нарымбаев Кыргызстан азыркы коомдун глобалдуу социалдык өзгөрүүлөрүнүн шартында инсандын өзүн өзү идентификациялоосунун актуалдуу проблемаларын талкуулоо үчүн аянтча болуп бере аларын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев PEN-клубдун 80-конгрессин өткөрүүнү колдоорун, анткени бул иш-чараны өткөрүү дүйнөлүк маданий агартуу мейкиндигинде өлкөнүн статусун жогорулатууга өбөлгө болорун кошумчалады.

 

Маалымат үчүн: Эл аралык ПЕН-клуб – жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк укук коргоо уюму. Ал бүт дүйнөдөгү жазуучулардын достугун жана интеллектуалдык кызматташтыгын алдыга жылдыруу, каршылык кылуу эркиндигин, ошондой эле идеялар үчүн куугунтукка алынган жазуучулардын таламдарын коргоо максатында 1921-жылы түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан