Бүгүн, 18-январда "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу таанылган актёр Бектемир Мамаюсупов 33 жашка толду. Ал 1986-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2 жашында актёрду ата-энеси Ошто жашаган чоң ата, чоң энесинин колуна беришет. 7 жашка чейин ошол жакта чоңоюп, кайра Бишкекке ата-энесинин жанына келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Алгач, Бишкектеги №66-мектепте 7-класска чейин окуп, андан аркы билимин кыргыз-түрк лицейинен уланткан. Окууну бүткөндөн кийин Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул жерден анын актёрлук шыгы ойгонуп, кызыгуусу арта баштайт.
Актёрду туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Туулган күнүмдү майрамдабай калганыма 2-3 жылдын жүзү болду. Ошондуктан салтты бузбай, быйыл деле майрамдабайм го. Учурда кыска метраждуу тасма тартып жатканбыз, ошондуктан жумуштан кол бошобой жүрөт".
2011-жылы АКШга жол тартып, ал жактан "Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Баатыр сыяктуу көп кыйынчылыктарга туш болот. Бирок дал ушул өлкө анын багын ачат. Себеби актёр тасмага башкы ролго тандоо жүрүп жатканын угуп, уюлдук телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада ролу ийине жеткире аткаргандыгы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. Ошондой эле ал "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси - "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминде дагы роль жараткан.
Актёр үй-бүлөлүү. 2015-жылдын апрель айында сүйүктүүсү Мунарага баш кошуп, 2016-жылдын 11-июнунда уулдуу болушуп, ата-эне макамына ээ болушкан.
Учурда Бектемир Мамаюсупов "Дубалдагы издер" аттуу кыска метраждуу тасмага продюссерлик кылууда.